# 536-статья. Мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышына контроль жүргүзүүчү органдар

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 536-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-536

---

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасы ушул Кодекстин 347-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасынын атынан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине айып салуу жөнүндө сунуш киргизүүгө:

- Эсеп палатасынын аудиторлору;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасынын жана ага караштуу органдардын кызмат адамдары укуктуу.

Айыптарды салуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын заседаниесинде бекитилет жана ага Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы кол коет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Контролдук-текшерүү башкармасынын директору, анын орун басарлары, контролдук-текшерүү башкармасынын аймактык органдарынын жетекчилери айып салуу жөнүндө чечимди бекитет.

---

Мурунку берене: [535-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-535-1)  
Кийинки берене: [537-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-537)
