# 535-1-статья. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-535-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 535-1-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-535-1

---

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары ушул Кодекстин 285, 286, 286-1, 298, 300-статьяларында, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 307, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларын көрөт. Эскертүү. 286-1, 300-статьяларда, 302-статьянын биринчи бөлүгүндө, 341, 354-статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары айып түрүндө администрациялык жаза чарасынын негизги гана түрүн салышат. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат. (КР 2018-жылдын 19-февралындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [535-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-535)  
Кийинки берене: [536-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-536)
