# 526-статья. Айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2015 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205449)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920428..920429>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-526>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-526.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 526-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-526

---

Айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Кодекстин 124-158, 160-162, 170, 179, 179-1, 180-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:

- айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;

- айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өзүнө караштуу жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары;

- токой чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, биосфералык аймактардын, мергенчилик чарбалардын жана башка мамлекеттик токой чарба жана мергенчилик ишканаларынын жана уюмдарынын башкы токойчулары (егерлери).

(КР 2015-жылдын 28-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [525-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-525)  
Кийинки берене: [527-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-527)
