# 5059-статья. Өз милдеттерин аткарууга администраторго тоскоолдук кылуу, болбосо администратордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5059>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 5059-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5059

---

Өз милдеттерин аткарууга администраторго тоскоолдук кылуу, болбосо администратордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу, - жарандарга ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, кызмат адамдарына жыйырмадан элүүгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык жазапул салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер администрациялык жаза колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанса, - кызмат адамдарына жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык жазапул салууга алып келет. (КР 2003-жылдын 19-февралындагы № 42, 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5058-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5058)  
Кийинки берене: [50510-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50510)
