# 50520-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жана документтерди берүү боюнча талаптарын аткарбоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 353-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920444..920447>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-50520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50520-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50520

---

Акча каражаттары же мүлк менен болгон, милдеттүү түрдө контролго алынуучу операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү бербөө же болбосо акча каражаттары же мүлк менен болгон, милдеттүү түрдө контролго алынуучу операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү анык эмес берүү же өз убагында бербөө, - эскертүү берүүгө же кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Акча каражаттары же мүлк менен болгон шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлерине туура келген операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү бербөө же мындай операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү өз убагында бербөө, - эскертүү берүүгө же кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын акча каражаттары же мүлк менен болгон татаал, адаттагыдан ири операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, ошондой эле экономикалык мааниси же мыйзамдуу максаты айкын болбогон, өзгөчө схема боюнча жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү документтик белгилеп жазуу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү боюнча талаптарын аткарбоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же көзөмөлдөө органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча суралган маалыматты же документти жүйөсүз себептер менен бербей коюу же толук эмес берүү же өз убагында бербөө же болбосо анык эмес маалыматты же документти билип туруп берүү, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөн адамдардын Тизмегине киргизилген адам тарабынан жасалган, акча каражаттары же мүлк менен болгон операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү жүйөсүз себептер менен бербөө же өз убагында бербөө, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи - бешинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50519-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50519)  
Кийинки берене: [50521-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50521)
