# 50519-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кардарлар менен иштөө боюнча талаптарын аткарбоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 353-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920444..920447>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-50519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50519-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50519

---

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын же бенефициардык менчик ээсин аныктоо жана идентификациялоо боюнча талаптарын аткарбоо же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кардар жана бенефициардык менчик ээси тууралуу алынган маалыматтарды документтик белгилеп жазуу боюнча талаптарын аткарбоо же кардар жана бенефициардык менчик ээси тууралуу маалыматты жаңылоонун мөөнөттөрүн бузуу, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Анонимдүү банктык эсепти (аманатты) ачыкка чыгаруу, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоого тиешеси бар маалыматтарды, ошондой эле акча каражаттары же мүлк менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды сактоо боюнча талаптарын аткарбоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын саясий мааниге ээ чет өлкөлүк адамды тейлөө боюнча талаптарын аткарбоо, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. ФАТФтын (акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча өкмөттөр аралык уюмдун (топтун) сунуштамаларын колдонбогон же болбосо жетиштүү эмес даражада колдонгон мамлекеттеги же аймактагы жеке же юридикалык жактар менен, ошондой эле негизги компаниялары ушундай мамлекетте же аймакта катталган туунду уюмдар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр менен ишкердик мамилелерге жана операцияларга (бүтүмдөргө) өзгөчө көңүл буруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи - бешинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50518-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50518)  
Кийинки берене: [50520-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50520)
