# 50518-статья. Ички контролдоо тутумун уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 353-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920444..920447>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-50518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50518-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50518

---

Маалымат берүүчү жактын ички контролдоо эрежелерин жана аларды жүзөгө ашыруу жол-жоболорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоосу же болбосо маалымат берүүчү жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ачык ылайык келбеген ички контролдоо эрежелерин жана аларды жүзөгө ашыруу жол-жоболорун иштеп чыгуусу, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Маалымат берүүчү жактын ички контролдоо эрежелерин сактоого жана жүзөгө ашырууга жооптуу атайын кызмат адамын дайындоо (аныктоо) боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбоосу, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Маалымат берүүчү жактын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча тийиштүү кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун тартибин сактабоосу, - эскертүү берүүгө же болбосо кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул берененин биринчи - үчүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жыл ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн токсон, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50517-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50517)  
Кийинки берене: [50519-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50519)
