# 50517-статья. Алдын алуу чараларын сактабоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 353-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920444..920447>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-50517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50517-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50517

---

Чек аралар аралык корреспонденттик мамилелерди белгилөө же жүзөгө ашыруу тартибин банктын жана банктык жана башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу башка финансы-кредиттик мекеменин (уюмдун) сактабоосу, - юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Коммерциялык банктын оффшордук чөлкөмдө (жеңилдетилген салык режимин сунуштоочу жана (же) банктык көзөмөл органына маалыматты ачууну жана (же) берүүнү карабаган мамлекетте же аймакта) катталган коммерциялык банк менен, анын өз алдынча юридикалык жак болуп саналбаган аффилирленген жактары, туунду банктары жана обочолонгон бөлүктөрү менен тикелей корреспонденттик мамиле түзүүсү жана (же) улантуусу же болбосо коммерциялык банктын банк-кабыкчалар менен корреспонденттик мамилени түзүүсү жана (же) улантуусу, ошондой эле банк-кабыкчаларга өзүнүн эсептерин пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү чет өлкөлүк финансылык мекеме-респонденттер менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоого каршы сактык чараларын көрбөө, - юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - юридикалык жактарга - иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын аймагында банк-кабыкчаны түзүү, - юридикалык жакты (банк-кабыкчаны) мажбурлап жоюуга алып келет. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50516-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50516)  
Кийинки берене: [50518-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50518)
