# 50515-статья. Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды чыгаруунун тартибин, гидрометеорологиялык байкоолорду, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнүн эрежелерин жана талаптарын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50515>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50515-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50515

---

Шашылыш (штормдук) гидрометеорологиялык маалыматтарды чыгаруунун тартибин бузуу, ошондой эле шашылыш маалыматты, авариялык кырдаалдар тууралуу маалыматтарды, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очокторун бурмалоо, кечиктирүү же керектөөчүлөргө жеткирбей коюу - жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө жана кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет. Гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнүн, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы үчүн байкоолордун жана алар менен байланышкан гидрометеорологиялык мааламытты жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы тууралуу маалыматты топтоо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо жана керектөөчүлөргө берүү боюнча иштердин эрежелерин жана талаптарын бузуу - жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө жана кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет. (КР 2018-жылдын 4-июлундагы N 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50514-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50514)  
Кийинки берене: [50516-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50516)
