# 50434-статья. Бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын бажы эрежелеринин бузулушу жөнүндө иш жана аны кароо боюнча өндүрүш үчүн зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50434-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50434

---

Бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын Кыргыз Республикасынын бажы органынын белгиленген кызмат адамына же анын тапшырмасы боюнча иштеген ревизорго же адиске өндүрүш үчүн жана ишти кароо боюнча зарыл болгон товарларды, документтерди, башка буюмзаттарды жана маалыматтарды мөөнөтүндө себепсиз берүүдөн баш тартуусу же бербөөсү, - эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - бештен он бешке чейинки, кызмат адамдарына - ондон жетимишке чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [50433-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50433)  
Кийинки берене: [50435-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50435)
