# 50433-статья. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамына, бажылык контролду жүргүзүүгө, бажылык жол-жоболоштуруу өндүрүшүндө, ошондой эле бажы эрежелерин бузгандык жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө же аны кароого катышкан адамды, ага тете күбөлөргө карата күч колдонуучу аракеттерди жасоо жөнүндө опуза

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50433-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50433

---

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамына, ошондой эле бажылык контролду жүргүзүүгө катышуу, бажылык жазып-каттоо өндүрүшүнө, же чакырылган ревизорлорду, эксперттерди, адистерди, котормочуларды, күбөлөрдү, ага тете күбө катары катышуучуларга карата денесине жеңил жаракат келтирүү, уруу же башка күч колдонулуучу аракеттерди жүргүзүү опузасы, кылмыш белгилери жок болгон учурда, - жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [50432-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50432)  
Кийинки берене: [50434-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50434)
