# 50425-статья. Бажы төлөмдөрүнөн мыйзамсыз бошотууга же аларды төмөндөтүүгө багытталган иш-аракеттер

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50425-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50425

---

Бажылык максаттар үчүн зарыл болгон бажы декларациясында жана башка документтерде бажы жол-жобосу, бажылык нарк же болбосо товарлар жана транспорт каражаттары чыккан өлкөлөр жөнүндө жалган маалымат билдирүү же бажы төлөмдөрүнөн бошотууга же алардын өлчөмүн төмөндөтүүгө негиз болуучу башка жалган маалыматтарды билдирүү, ушул Кодекстин 504-18, 504-21, 504-22-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, кылмыш белгилери жок болгон учурда, - жарандарга - ондон элүүгө чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50424-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50424)  
Кийинки берене: [50426-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50426)
