# 50421-статья. Жалган документтерди же бажылык идентификация каражаттарын пайдалануу менен товарларды жана транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50421-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50421

---

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-22 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органына максаттар үчүн зарыл болгон документтер катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, жалган маалыматтарды камтыган документтерди, же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди көрсөтүү менен товарларды жана транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүү, ошондой эле идентификациянын жасалма каражаттарын же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү болгон идентификациянын чыныгы каражатын пайдалануу, - жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга: кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга: юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн мин өлчөмүндө айып салууга алып келет. Эгерде аларды ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо,- жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2011-жылдын 18-октябрындагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50420-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50420)  
Кийинки берене: [50422-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50422)
