# 50417-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө экономикалык жөнгө салуу чараларын жана башка чектөөлөрдү колдонуу тартибин сактабоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 170 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920426..920427>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-50417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50417-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50417

---

Кылмыш белгилери жок болгон учурда, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу экономикалык жөнгө салуу чаралары жана башка чектөөлөр колдонулуучу товарларды жана транспорт каражаттарын, ушул главанын башка статьяларында каралган учурларды кошпогондо, ушул чараларды жана чектөөлөрдү колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен алып өтүү, - жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жетимишке чейинки пайызында айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50416-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50416)  
Кийинки берене: [50418-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50418)
