# 50414-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо бажы аймагына кайра алып келбөө

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 50414-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50414

---

Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, белгиленген мөөнөттө мурда алынып келинген товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны чыгаруу милдеттүү болуп эсептелсе, Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен чыгарбоо же болбосо Бажы бирлигинин бажы аймагынан мурда чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын, эгерде аны алып келүү милдеттүү болуп эсептелсе, кайрадан алып келбөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра алып келүүнү же кайра алып кетүүнү ырастоо катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз алардын наркынын ондон жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50413-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50413)  
Кийинки берене: [50415-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-50415)
