# 503-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 170 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920426..920427>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 503-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-503

---

Бажы контролунун астында турган товарларды, транспорт каражаттарын башка жактарга бажы органынын уруксатысыз берүү (өткөрүү) же жоготуп жиберүү - жарандарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү, көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү үчүн кабыл алынган бажы контролунун астында турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажылык башка документтерин жоготуп жиберүү же бербей коюу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. товарларды, транспорт каражаттарын жана аларга документтерди жеткирүүнүн бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөтүн сактабоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. Бажы контролунун астында турган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы органы тарабынан аныкталган ап жерге жеткирбөө жана аларга документтерди тапшырбоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [502-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-502)  
Кийинки берене: [5031-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-5031)
