# 4873-статья. Көп квартиралуу турак жай үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануунун эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4873>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 4873-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4873

---

Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жайлык мүнөздөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, аларды соода орундары катары, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн пайдалануу, ошондой эле жашап туруудан тышкары кандай болбосун башка максаттар үчүн пайдалануу, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жетимиш, кызмат адамдарына - токсон, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет. (КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 121, 2016-жылдын 28-декабрындагы № 221 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 28-июнундагы N 11-р чечими

---

Мурунку берене: [4872-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4872)  
Кийинки берене: [4874-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4874)
