# 4871-статья. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин өзү билип пайдалануу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 4871-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4871

---

Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин: квартиралардын менчик ээлеринин орток менчиги болуп саналган подвалдарды, жарым подвалдарды, кир жайгыч жайларды, чатырларды, үй үстүн, шаты тепкичтерин, лифттерди, подъезддерди, инженердик жабдууларды, үйлөрдүн алдындагы аймактарды (үй алдындагы жер участокторун) өзү билип пайдалануу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракет, - жарандарга - алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2017-жылдын 12-декабрындагы N 207 (12) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [487-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-487)  
Кийинки берене: [4872-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4872)
