# 471-статья. Курулуш ченемдерин жана долбоорлоо эрежелерин бузуу менен аткарылган долбоорлорго экспертизанын оң корутундусун берүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2011 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203504)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.12.2011 [Закон КР от 16 декабря 2011 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203504); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203133)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920373..920376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 471-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-471

---

Курулуш ченемдерин жана долбоорлоо эрежелерин бузуу менен аткарылган долбоорлорго экспертизанын оң корутундусун берүү, - экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - адисти сертификатынан ажыратуу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (2009-жылдын 30-мартындагы № 117, 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [470-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-470-1)  
Кийинки берене: [472-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-472)
