# 461-статья. Администрациялык жазаларды төлөө мөөнөттөрүн бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 461-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-461

---

Айып түрүндө берилген жазаны өз учурунда төлөбөгөндө, башкача айтканда, администрациялык айыпты салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин, ал эми токтомго даттанылган учурда - даттанууну же сунушту калтыруу жөнүндө билдирилген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузууну жасаган, жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине, ошондой эле жолдо жүрүү үчүн жыйым алуу эрежелерин бузууга байланыштуу шек келтирген адам айыптан тышкары, акчалай суммада көрсөтүлгөн туумду (үстөк пулду) төлөйт. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуу боюнча тиешелүү токтом чыгарылган күндөн тартып бир жылдын ичинде администрациялык айыпты төлөөдөн баш тартканда сот айыпты транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза же администрациялык камак менен алмаштыра алат. Эскертүү. Туум мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн мурда салынган айыптын суммасынын он пайызы өлчөмүндө аныкталат, бирок негизги айыптын суммасынын эки өлчөмүнөн ашпоого тийиш. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-46)  
Кийинки берене: [462-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-462)
