# 432-статья. Электр, жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2017 года № 49 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111556)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920470..920471>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 432-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-432

---

Жарандар жана кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле чарба жана башка объектилердин бардык түрлөрүнүн менчик ээлери, ээлик кылуучулары, жетекчилери тарабынан энергия менен жабдуучу уюмдун же башка абоненттердин электр, жылуулук тармактарына уруксатсыз кошулуп алса, ага тете эле электр жана жылуулук энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш беш, кызмат адамдарына - жүз сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2017-жылдын 23-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4312)  
Кийинки берене: [433-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-433)
