# 4311-статья. Кызыл Жарым Айдын жана Кызыл Кресттин эмблемаларын мыйзамсыз пайдалануу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 4311-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4311

---

Кызыл Жарым Айдын жана/же Кызыл Кресттин эмблемаларын, "Кызыл Жарым Ай" же "Кызыл Крест" деген аттарды, айырмаланып туруучу сигналын же ар кандай башка белгисин, аларга окшош болгон же жаңылыштан ошондой кабыл алынышы мүмкүн болгон белгилерди же сигналды мыйзамсыз пайдалануу, аталган эмблемалардын сүрөттөрүн же белгилердеги сөздөрдү плакаттарда, кулактандырууларда, жарнама барактарында же коммерциялык документтерде жайгаштыруу же аларды товарларды же таңгактарды маркировкалоо үчүн пайдалануу, сатууга сунуш кылуу же мына ушинтип маркировкаланган товарларды сатуу - жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмдөгү эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө администрациялык айып салынып, ишкердиктин белгилүү бир түрү боюнча алектенүүдөн бир жылга чейинки мөөнөткө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.

---

Мурунку берене: [431-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-431)  
Кийинки берене: [4312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4312)
