# 428-статья. Аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды бербөө

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 115 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203715)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920381..920388>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 428-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-428

---

Майыптыгынын кайсы топко кире тургандыгына карабастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп таанылган бардык аскерге милдеттүүлөр жана чакырылуучулар жөнүндө маалыматтарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык жактан камсыздоо бөлүмдөрү аркылуу аскер комиссариаттарына билдирүү милдети жүктөлгөн врачтык-эмгек эксперттик комиссиялардын кызмат адамдары тарабынан мындай маалыматтарды бербей коюусу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын кызмат адамдарынын райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аты-жөнү өзгөргөндүгү туурасында, алардын туулган күнү жана жери жөнүндө өзгөрүүлөр жарандык абалдын актыларын жазууга киргизилгендиги туурасында, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын өлүмү катталган учурларда бул туурасында билдирбей коюусу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи, экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [427-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-427)  
Кийинки берене: [429-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-429)
