# 427-статья. Аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин өз учурунда берилбөөсү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 427-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-427

---

Турак жай-эксплуатациялык уюмдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана үйлөрдү эксплуатациялоону ишке ашыруучу уюмдардын жетекчилеринин же аскердик-каттоо иши үчүн жооптуу болгон башка кызмат адамдарынын, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылуучулардын аскердик каттоосун жүргүзүү милдети жүктөлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларынын аскердик каттоого кабыл алууну же каттоодон чыгарууну толтуруу үчүн аскерге милдеттүү же чакырылуучулар болуп саналган жашоочуларга үй китептерин, каттоо баракчаларын жана аскердик каттоо документтерин (аскердик билеттерин, чакыруу участкаларына бекигендиги жөнүндө күбөлүктөрүн) өз учурунда бербей коюусу - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [426-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-426)  
Кийинки берене: [428-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-428)
