# 422-статья. Соттун чечимин жана соттун аныктамасын аткарбоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 422-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-422

---

Соттун чечимин жана соттун аныктамасын, ошондой эле бул чечимдерди аткаруу боюнча сот аткаруучусунун мыйзамдуу талабын аткарбоо, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен жүз, кызмат адамдарына жыйырмадан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Атайын укуктарды (транспорт каражаттарын башкаруу укугун, аңчылык кылуу укугун) пайдаланууга укугун чектөө жөнүндө соттук аткаруучунун токтомун карызкордун бузушу - атайын укуктардан бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга алып келет. (КР 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 186, 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

---

Мурунку берене: [421-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-421)  
Кийинки берене: [4221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4221)
