# 422-5-статья. Балдарды же эмгекке жарамсыз ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөгөндүк

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-422-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 422-5-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-422-5

---

Жашы жете элек балдарды, жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды, ошого тете билим берүү уюмдарында окуган жашы жеткен балдарды багууга жетимиш пайыздан ашык төлөнүүгө тийиш болгон каражаттарды соттун чечимин же нотариалдык ырасталган макулдашууну бузуу менен жүйөлүү себепсиз аткаруу өндүрүшүн козгогон күндөн тартып катары менен эки жана андан көп ай бою ата-эне тарабынан төлөбөгөндүк, эгерде мындай иш-аракет жазыктык жазалануучу жосунду камтыбаса, - отуз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо беш суткага чейин мөөнөткө администрациялык камоого же ушул Кодекске ылайык администрациялык камакты жана коомдук иштерди колдонууга болбой турган адамдарга карата эсептик көрсөткүчтүн отуздан жетимишке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга жетимиш пайыздан ашык төлөнүүгө жаткан каражаттарды соттун чечимин же нотариалдык ырасталган макулдашууну бузуу менен жүйөлүү себепсиз аткаруу өндүрүшүн козгогон күндөн тартып катары менен эки жана андан көп ай бою жашы жеткен эмгекке жөндөмдүү балдар тарабынан төлөбөгөндүк, эгерде мындай иш-аракет жазыктык жазалануучу жосунду камтыбаса, - отуз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо беш суткага чейин мөөнөткө администрациялык камоого же ушул Кодекске ылайык администрациялык камакты жана коомдук иштерди колдонууга болбой турган адамдарга карата эсептик көрсөткүчтүн отуздан жетимишке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2017-жылдын 2-мартындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4224-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4224)  
Кийинки берене: [423-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-423)
