# 4191-статья. Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиясыз (уруксатсыз) же лицензиянын (уруксаттын) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш-аракеттерди жүргүзүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 4191-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4191

---

Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиясыз (уруксатсыз) иш-аракет жүргүзүү,- опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш-аракет жүргүзүүнү токтото турууга алып келет. Опурталдуу өндүрүш объектилеринде лицензиянын (уруксаттын) колдонуу шарттарын бузуу (аткарбоо) менен иш-аракет жүргүзүү,- кызмат адамдарына карата эсептешүү көрсөткүчтүн жүз сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган ошол эле аракетти администрациялык жаза чаралары колдонулгандан кийинки бир жыл ичинде кайталап жасоо, - опурталдуу өндүрүш объектилеринде иш-аракет жүргүзүүнү токтото турууга алып келет. (КР 2008-жылдын 11-июнундагы № 115, 2017-жылдын 23-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

---

Мурунку берене: [419-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-419)  
Кийинки берене: [420-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-420)
