# 413-статья. Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2014 года № 70 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205290)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.05.2014 [Закон КР от 17 мая 2014 года № 70 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205290); 29.10.2012 [Закон КР от 29 октября 2012 года № 177 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203777); 19.01.2009 [Закон КР от 19 января 2009 года № 9 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202616)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920414..920417>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 413-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-413

---

Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жагынан мыйзамдарды бузуу - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен сатып алуулар жагынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин аткарбоосу - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган жөнөтүүчүлөрдүн мамлекеттик каражаттардын эсебинен өткөрүлүүчү тендерлерге катышуусу, - юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2009-жылдын 19-январындагы № 9, 2012-жылдын 29-октябрындагы № 177, 2014-жылдын 17-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [412-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-412)  
Кийинки берене: [414-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-414)
