# 41-статья. Администрациялык жаза-чараны колдонуунун жалпы эрежелери

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920381..920388>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 41-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-41

---

Администрациялык укук бузуу үчүн жаза-чара ушул Кодексте белгиленген чектерде жана тартипте колдонулат. Администрациялык жаза-чараны колдонууда укук бузуунун мүнөзү, укук бузуучунун инсаны, анын күнөөсүнүн даражасы, үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалы, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар эске алынат. Администрациялык жаза-чараны аткарбагандыгы үчүн администрациялык жаза-чара салынган милдеттерин аткаруудан бошотпойт. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуулар табылган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу катталган учурларда, администрациялык жаза өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында колдонулган санкциянын чегинен алда канча төмөн болгон администрациялык айып түрүндө дайындалат. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [402-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-402)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-42)
