# 4093-статья. ЭЭМ, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 4093-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4093

---

ЭЭМ, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин ЭЭМ, ЭЭМ тутумуна же алардын тармагына жетүү укугу бар адам тарабынан бузулганда мыйзам тарабынан корголгон ЭЭМ маалыматтарын модификациялоого же бөгөт коюуга же жок кылууга алып келсе, эгер бул жосун олуттуу зыян келтирсе, - жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга, кызмат адамдарына - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө айып салууга же он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. Ошол эле аракеттер, байкоосуздуктан оор натыйжаларга алып келсе, - жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4092-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4092)  
Кийинки берене: [409-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-409-4)
