# 402-статья. Юридикалык жакты жоюу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920444..920447>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 402-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-402

---

1. Юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктук мураскорлук тартибинде башка жактарга өткөрүп бербестен токтотууга алып келет.

2. Юридикалык жак ушул Кодексте каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкрот кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.

3. Юридикалык жакты жоюу тууралуу арызды ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сотко бере алат.

(КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [401-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-401)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-41)
