# 401-статья. Коомдук иштерге тартуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июля 2015 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111195)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920439..920440>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 401-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-401

---

1. Коомдук иштерге тартуу укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакытта коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз эмгекти аткарууда турат.

2. Коомдук иштер төрт сааттан кырк саатка чейинки мөөнөткө сот тарабынан дайындалат.

3. Коомдук иштер элүү беш жаштан өткөн курактагы аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга, биринчи жана экинчи топтордогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ушул Кодекстин 22-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга колдонулушу мүмкүн эмес.

4. Коомдук иштерге түнкү мезгилде тартууга тыюу салынат. Укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууда укук бузуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтире турган токсиндүү, радиактивдүү жана башка заттар пайдаланылууга тийиш эмес.

(КР 2015-жылдын 13-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-40)  
Кийинки берене: [402-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-402)
