# 4003-статья. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды бербөө же талаптагыдай эмес берүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 4003-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4003

---

Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды белгиленген мөөнөттө бербөө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер тууралуу декларацияларды туура эмес же толук эмес маалыматтар менен берүү, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундардын кайталанып жасалуусу же болбосо администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин бузуулардын четтетилбөөсү, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 401-статья. Министрликтер менен администрациялык ведомстволордун жалпыга милдеттүү мүнөзгө ээ болгон ченемдик укук актыларын мамлекеттик каттоого бербөөсү (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 402-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте тийиштүү мамлекеттик (эсепке алууну) каттоосуз, кайра каттоосуз иштерин жүзөгө ашырышы, - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4002-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-4002)  
Кийинки берене: [403-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-403)
