# 3911-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташуу же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз чыгып кетиши

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3911>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 3911-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3911

---

Эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук же дагы башка уюм тарабынан бир же бир нече укук бузуучунун Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылышына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүшүнө же мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылышына алып келген адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын жана аны мыйзамсыз чыгып кетишине пайдаланышын четтетүү боюнча чараларды көрбөй коюшу, - юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адам тарабынан бир же бир нече бузуучунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүсүнө же мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоосуна алып келген транспорт каражатына мыйзамсыз кирүүсүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөсө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [391-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-391)  
Кийинки берене: [392-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-392)
