# 391-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган кабыл алуучу уюмдун кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуунун белгиленген тартибин бузуусу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.01.2013 [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 115 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203715); 13.02.2006 [Закон КР от 13 февраля 2006 года №53 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1841)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920395..920396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 391-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-391

---

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган кабыл алуучу уюмдардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аларды каттоонун жана алар үчүн жашоого, жүрүүгө жана жашаган жерин, ошондой эле алар тарабынан аныкталган болуу мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн убагында чыгып кетүүсүн өзгөртүүгө укук берген документтерди жол-жоболоштуруунун белгиленген тартибин бузуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына - отуздан элүү, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма, кызмат адамдарына - элүүдөн жүз, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камоого алып келет. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды кабыл алган уюмдардын кызмат адамдары тарабынан кирүүдө билдирилген республиканын аймагында болуунун анык жүйөлөрүнө ылайыксыз максаттарда чакыруу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан алтымыш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга, же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камоого алып келет. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же кызмат адамын ээлеген кызматынан четтетүү менен беш суткалык мөөнөткө администрациялык камоого алып келет. (КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 53, 2012-жылдын 16-июлундагы № 115, 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [390-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-390)  
Кийинки берене: [3911-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3911)
