# 389-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 ноября 2014 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205378)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.11.2014 [Закон КР от 20 ноября 2014 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205378); 18.11.2011 [Закон КР от 18 ноября 2011 года № 217 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203457); 09.11.2007 [Закон КР от 9 ноября 2007 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202196)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920425..920426>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 389-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-389

---

Адамдар жана (же) транспорт каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартибинин бузулушу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мамлекеттик чек арадан өткөрүү пунктуна чейин жана кайра кайтуу багытында ушундай адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүү тартибин бузушу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, - Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим менен же анысы жок эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка иштерди жүргүзүү тартибин бузушу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттер кайталанып жасалганда, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162, 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 217, 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 157 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [388-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-388)  
Кийинки берене: [3891-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3891)
