# 38-статья. Администрациялык камоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331); 10.01.2013 [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920419..920420>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 38-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-38

---

1. Администрациялык камоо беш суткага чейинки, ал эми өзгөчө же аскердик абал шартында коомдук тартипке кол салгандыгы үчүн - жети суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.

2. Администрациялык камоо райондук (шаардык) соттун судьясы тарабынан, ал эми өзгөчө же согуштук абал шарттарында коомдук тартипке шек келтиргендиги үчүн, ошондой эле аскердик комендант же ички иштер органынын башчысы тарабынан аныкталат.

3. Администрациялык камоо он сегиз жашка толо электерге, ушул Кодекстин 22-статьясында каралган адамдарга, кош бойлуу аялдарга, он төрт жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткандарга, ошондой эле биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы № 2, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-39)
