# 378-статья. Жарандар тарабынан атылуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 171 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203980)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920405..920406>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 378-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-378

---

Ички иштер органдарынан курал сактоого уруксаты бар жарандар тарабынан аңчылардын сайсыз жана сайлуу куралдарды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу - эскертүүгө же куралдарынын жана ок-дарыларынын акысын төлөп алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - куралдарынын жана ок-дарыларынын акысын төлөп алып коюу менен же антпестен эле эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын атылуучу куралдардын жана ок-дарылардын сакталышы үчүн жооптуу болгон кызматкерлеринин аларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуусу, ага тете эле атылуучу куралдардын жана ок-дарылардын тиешелүү багытта пайдаланбоосу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында адам ок атуучу курал алып жүрсө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, ага тете кызмат адамы тарабынан жасалса, - эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок ок атуучу курал сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга келет. Эскертүү: Алкоголдук, баңги каражаттары, психотроптук же болбосо башка акылдан ажыратуучу заттарга мас болуу абалын белгилөө үчүн күбөлөндүрүүгө жиберүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [377-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-377)  
Кийинки берене: [379-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-379)
