# 366-статья. Коомдук жайларда баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди булгап мас болуп жүрүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2017 года № 4 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111511)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.01.2017 [Закон КР от 18 января 2017 года № 4 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111511); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920463..920464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 366-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-366

---

Баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, ошого тете көчөлөрдө, стадиондордо, гүлбактарда, көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн короолорунда, коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө жана башка коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди, коомдук адеп-ахлакты булгап мас абалында жүрүү, - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен он эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жазалоо колдонулгандан кийинки жыл ичинде кайталанып жасалса, - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонгондугу үчүн администрациялык жазага жыл ичинде эки жолу тартылган адам тарабынан кайталанып жасалса, ага тете коомдук жайларда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн же коомдук жайларда адамдык беделди жана коомдук адеп-ахлакты булгап, мас абалында жүрүү, - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жашы жетелектердин коомдук жайларда мас абалында жүрүүсү, ага тете алардын баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонуусу же алардын спирттик ичимдиктерди ичүүсү - ата-энелерге же аларды алмаштыруучуларга - ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2017-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [365-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-365)  
Кийинки берене: [367-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-367)
