# 363-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын пайдалануу менен жарнамалоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 363-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-363

---

Өздөрүнүн касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча төлөөдө колдонууда Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой банкноттордун сүрөттөрүн же алардын сүрөттөрүнүн кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын (бир же бир нече түстөгү) пайдалануу, - укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде банкноттун сүрөтү өтө чоңойтулган (130%тен кем эмес) же өтө кичирейтилген (70%тен кем эмес) көлөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз эле улуттук валютанын бир же бир нече түстөрдө сүрөттөлүшүн жасоого жол берилет.

---

Мурунку берене: [362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-362)  
Кийинки берене: [364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-364)
