# 352-статья. Салыктын суммасынын азайышы

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920347..920350>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 352-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-352

---

Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасынын азайышы, -

1) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2 пайызга чейинки өлчөмдө - администрациялык айып салууга алып келбейт;

2) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 2ден 5 пайызга чейинки өлчөмдө -

жарандарга - он, кызмат адамдарына - элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

3) текшерилүүчү календарлык жыл үчүн жыйынды жылдык кирешеге 5 пайыздан ашык -

жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө салык карыздарын төлөө жөнүндө билдирүүнүн талаптарын аткарбоо, төмөнкү учурларда: ушул статьянын 1-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга - он, кызмат адамдарына - жыйырма беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет; ушул статьянын 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга - он беш, кызмат адамдарына - элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет; ушул статьянын 3-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда, жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3511-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3511)  
Кийинки берене: [353-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-353)
