# 351-статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июня 2017 года № 115 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111622)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920479..920480>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 351-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-351

---

Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчётторун бербөө же болбосо салыктык карыздары жок салык төлөөчүлөрдүн салык отчётторун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөөсү - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Салыктык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн салыктык отчётторду, салык салууга байланышкан эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттө бербөөсү, - салыктык карыздардын суммасына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз кырк өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн миңден эки жарым миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө; эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жарым миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз алтымыш өлчөмүндө. (КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3504-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3504)  
Кийинки берене: [3511-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3511)
