# 346-статья. Салык салуудан качуу жана бухгалтердик эсепти бурмалоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июля 2015 года № 182 "О внесении изменений и дополнения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111226)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.07.2015 [Закон КР от 21 июля 2015 года № 182 "О внесении изменений и дополнения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111226); 25.12.2009 [Закон КР от 25 декабря 2009 года № 315 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203240); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920440..920444>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 346-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-346

---

Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (азайтуу) түрүндөгү салык салуудан качуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Бухгалтердик эсептин жоктугу же бурмаланышы, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсеп-кысаптарды жана башка документтерди бербөө, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү: Эгерде салыкты жашыруу (азайтуу) өлчөмү жарандар үчүн отуз эсептешүү көрсөткүчүнөн, кызмат адамдары үчүн - жүз элүү эсептешүү көрсөткүчүнөн, юридикалык жактар үчүн - үч жүз эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, администрациялык айып жашырылган (азайтылган) сумманын 50 пайызы өлчөмүндө салынат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 25-декабрындагы № 315, 2015-жылдын 21-июлундагы № 182 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [345-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-345)  
Кийинки берене: [3461-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3461)
