# 343-статья. Автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу жөнүндө лицензиялык келишимди каттоо боюнча жана тиешелүү үлгүдөгү күбөлүктөрдү алуу боюнча милдеттерди аткарбоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июня 2013 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203905)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920399..920402>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 343-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-343

---

Автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучулар тарабынан автордук жана эриш-аркак укуктардын объектилерин пайдалануунун тиешелүү ыкмаларына карата лицензиялык келишимдерди каттоо боюнча жана белгиленген тартипке ылайык ыйгарым укук берилген органдан тиешелүү үлгүдөгү күбөлүк алуу боюнча милдеттерин аткарбоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кырк, кызмат адамдарына - кырктан сексен өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн кырктан сексен, кызмат адамдарына сексенден жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [342-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-342)  
Кийинки берене: [344-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-344)
