# 340-статья. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июня 2013 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203905)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.06.2013 [Закон КР от 24 июня 2013 года № 97 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203905); 20.11.2008 [Закон КР от 20 ноября 2008 года № 239 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205051)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920399..920402>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 340-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-340

---

(Статьянын аталышы КР 2013-жылдын 24-июнундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:

1) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускалары контрафактылык болуп эсептелсе;

2) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускаларында аларды даярдоочулар жөнүндө жана аларды өндүргөн жер тууралу жалган маалымат, ошондой эле керектөөчүлөрдү алмаштырууга мүмкүн болгон башка маалымат көрсөтүлсө;

3) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускаларында автордук же чектеш укуктардын ээси тарабынан коюлган автордук укукту коргоонун белгиси же чектеш укуктарды коргоонун белгиси жок кылынса же өзгөртүлсө, эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса -

чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү, кызмат адамдарына - элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган администрациялык ошол эле аракеттер жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, - чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускаларын конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз, кызмат адамдарына - жүздөн эки жүз администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүнө ылайык, конфискацияланган чыгармалардын же фонограммалардын нускалары, аларды автордук же чектеш укуктардын ээсинин өтүнүчү боюнча бергенден башка учурларда, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш. (КР 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 239, 2013-жылдын 24-июнундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [339-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-339)  
Кийинки берене: [341-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-341)
