# 3386-статья. Милдеттүү аудит өткөрүүдөн баш тартуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 3386-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3386

---

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү аудит өткөрүлүүгө жатуучу юридикалык жактардын милдеттүү аудит өткөрүүдөн баш тартуусу же болбосо аны өткөрүүгө тоскоолдук кылуусу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, - юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 1-июлундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3385)  
Кийинки берене: [339-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-339)
