# 3385-статья. Аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 3385-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3385

---

Аудитордук уюм жана жеке аудитор тарабынан Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруусу, - аудитордук уюмдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тыюу салынган учурларда аудит жүргүзүү, - жеке аудиторлорго - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, аудитордук уюмдарга – лицензиясынын колдонулушун токтото туруу менен эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Юридикалык жактардын финансылык отчеттуулук маалыматын жана ар жылдык милдеттүү аудиттин натыйжалары боюнча аудитордук корутундуну (отчетту) жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоодон баш тартуусу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жүргүзүлгөн аудит жана жарыялоо жөнүндө кабарландырбоосу, - юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мыйзамда белгиленген тартипте жеке аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан аудиттин натыйжасында табылган чарбакер субъекттердин финансылык отчеттуулуктун стандарттарын бузуулары жөнүндө маалыматты бербей коюусу, ошондой эле анык эмес маалыматты берүүсү, - жеке аудиторлорго - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, аудитордук уюмдарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жеке аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын аудитордук иштин стандарттарын сактабоосу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун мыйзамда белгиленген тартипте аудитордук иш жөнүндө отчет берүү тартибин бузуусу жана отчеттордо анык эмес маалыматты берүүсү, - жеке аудиторлорго - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, аудитордук уюмдарга - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болгон аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу боюнча курсту өткөндүгүн ырастоочу документти мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бербөөсү, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 1-июлундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3384-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3384)  
Кийинки берене: [3386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3386)
