# 328-статья. Инвесторлордун баалуу кагаздар жөнүндө толук жана объективдүү маалымат алуу укугун бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 328-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-328

---

Эмиссия проспектинде так эмес маалыматтарды көрсөтүү же баалуу кагаздарды белгиленген тартипте эмиссия проспектинде жарыялабай туруп, ачык сунуш кылуу же сатуу, ага тете эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө ачып берүү каралган маалыматтарды инвесторлорго бербөө - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса,- кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ачык түрдөгү акционердик коом тарабынан массалык маалымат каражаттарында жылдык бухгалтердик баланстын маалыматтарын, финансылык натыйжалар жана аларды пайдалануу жөнүндө отчетту жана өткөн жыл үчүн башка маалыматтарды жарыялабоо - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [327-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-327)  
Кийинки берене: [3281-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3281)
