# 325-статья. Мыйзамсыз киреше алууга (акча түшүрүп алууга) багытталган аракеттер

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 октября 2011 года № 158 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920369..920370>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 325-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-325

---

Рентабелдүүлүктүн деңгээлин жогорулатуунун эсебинен алынган каражатты бюджетке чегербөө жана продукциясы (товарлар, кызмат көрсөтүүлөр), реестрге киргизилген монополист-ишканалардын, ошондой эле продукциясына (товарлар, кызмат көрсөтүүлөр) рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээли белгиленген башка ишканалардын бааларды (тарифтерди, үстөк акыларды) өз учурунда төмөндөтпөөсү, тапшыруучу ишканалар тарабынан өз фондусуна керектөөчүлөрдөн алынган продукциянын наркынан ашырып кошумча каражат алуусу, ошондой эле керектөөчүлөргө бул чыгымдарды буюмдун баасына кошуп эсептөө жана аларды өзүнө турган наркка таандык кылуу жана бул каражаттарды толук көлөмүндө жана тиешеси боюнча пайдаланбоо, чийки затты, материалдарды бардык бекитилген ченемдердин өзүнө турган чыгымдалуу наркына кошуп эсептөө - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2011-жылдын 5-октябрындагы №158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [324-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-324)  
Кийинки берене: [326-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-326)
