# 324-статья. Бааларды негизсиз кымбаттатуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 октября 2011 года № 158 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920369..920370>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 324-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-324

---

Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды (продукцияга, товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди) жана рентабелдүүлүктүн чектелген деңгээлдерин кымбаттатуу, баа түзүү органдарында декларациядан өтүүдө катталган дүңүнөн жөнөтүү бааларын кымбаттатуу, ошондой эле ишканалар тарабынан башка мамлекеттер менен түзүлгөн өкмөттөр аралык макулдашуулар боюнча жөнөтүлүүчү продукциялардын бааларын кымбаттатуу же төмөндөтүү - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн - жыйырмадан элүү, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Расмий түрдө белгиленген чектеги баалар болгондо, бул бааларга карата каралбаган кошумча акыларды, кошумча бааларды (кошуп эсептөөлөрдү) чегерүү, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды же ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн наркында эсепке алынган, толук көлөмдө аткарылбаган жумуштарды кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына киргизүү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн (сатып алуучулардын) макулдугусуз продукциянын наркынын арзандашына алып келген кыйла арзан чийки затты жана башка технологиялык өзгөртүүлөрдү пайдалануу, алардын деңгээлин макулдашууда кабыл алынган керектөөчүлүк касиеттерине жетишилбеген конструктивдүү жана техникалык кемчиликтеринен улам продукциянын бааларын кымбаттатуу (стандартташтыруу органдарынын корутундусу болгондо) - эсептешүү көрсөткүчүнүн кызмат адамдарына элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2011-жылдын 5-октябрындагы №158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [323-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-323)  
Кийинки берене: [325-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-325)
